Биз менен байланышыңыз

Калыков: 25 миңге жакын медкызматкерге кенемте төлөндү

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 406 | 0

Бүгүнкү күндө 24 миң 933 медициналык кызматкерге кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков онлайн маалымат жыйынында билдирди.

Медициналык кызматкерлерге кенемте төлөө үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен 233,7 млн сом сарпталды.

“Бүгүнкү күндө 24 миң 933 медкызматкер кенемтелерин алышты. Анын ичинен 5 миң 307 дарыгер, 9 миң 556 орто медперсонал, 3 миң 398 кенже медперсонал, 2 миң 671и башка кызматкерлер. Ошондой эле инфекциянын очогунда иштеген медиктерге кенемте менен камсыз кылуу үчүн жалпы 503,16 млн сом акча каражаты жумшалды. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана медайымдарга эмгек акысына кошумча төлөм катары 167,6 млн сом акча төлөнүп берилди”, — деп айтылат маалыматта.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге коронавирус жана пневмония менен ооруган бейтаптарды бекер дарылоо боюнча стационардык деңгээлде чечим кабыл алды.

Бишкек шаарында 13 күндүзгү стационар жана эки түнкү стационар иштөөдө, саламаттык сактоо уюмдарынын аймагында кошумча 12 жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM