Биз менен байланышыңыз

COVID: Өнөкөт оорулуулар эмнеге көңүл бурушу керек?

Ден соолук , Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 979 | 0

COVID-19 адамдарга кандай таасир эте тургандыгы жөнүндө күн сайын көбүрөөк маалыматтар чыгып жатат. Диабет жана жүрөк оорулары сыяктуу өнөкөт оорулары бар улгайган адамдар, коронавирустун оор симптомдорунун өөрчүү тобокелчилигине көбүрөөк дуушар айтылууда. Дарыгерлер Covid-19 менен ооругандардын ар кандай органдарына келтирилген зыянды баалоого аракет кылышканда, алар күтүлгөн көйгөйгө туш болушат: өпкө, жүрөк, бөйрөк же кан ооруларынан жапа чеккен адамдар, эреже катары, коронавирустун биринчи курмандыгы болушкан.

Адистер коронавирус өнөкөт оорусу бар адамдарга кооптуу экенин унутпай, аларга болгон камкордукту күчөтүү зарылдыгын айттышат. Ал эми Кыргызстанда жүрөк оорусунан жылына 18 миңдей киши акка моюн сунат. Мындай көрсөткүч 3-4 жылдан бери азайбай келет.


«Жүрөк оорулары менен күрөшкөндөр өздөрүнө кандай туура кам көрүшү керек?» деген теманын тегерегинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы инвазивдик кардиологу жана аритмологу, «БИКАРД» клиникасынын жетекчиси Дамирбек Осмонов менен маек курдук.

— Коронавирус жүрөк оорулары бар адамдар үчүн канчалык кооптуу? Эмне үчүн аларга болгон камкордукту күчөтүү зарыл?

— Коронавирус өпкөгө, мээге, көзгө, жүрөккө, кан тамырларга, боорго, бөйрөккө жана ичегилерге таасир этет. Андан сырткары жүрөк оорулары, кант диабети болгон бейтаптарда илдет оор түрдө өтөт. Мындай илдеттер менен күрөшүп жаткандарга өзгөчөмамиле кылуу зарыл. Биринчиден, бейтаптардын жанына башка адамдарды киргизбөө керек, вирус жугузуунун алдын алуу зарыл. Коомдук жайларда беткап тагынып, аралыкты сактоо шарт. Айтылган эрежелер толук сакталса, өнөкөт оорулуулар да вирустун алдын ала алат.

— Коронавирус жүрөккө кандай таасир этет? Илдетке чалдыккан адамда жүрөк ооруларын пайда кылышы мүмкүнбү?

— Covid-19 — системалуу оору. Аирус организмге дем алуу жолу менен киргендиктен, организмдин бардык жерине жайыла турган мүмкүнчүлүккө ээ. Эң көп дем алуу жолдору менен өпкөгө барып, пневмония илдетин пайда кылып жатат. Коронавирустун узак мөөнөттүү кесепеттери олуттуу болушу мүмкүн: өпкө кыртышынын тырышуусунан жана бөйрөктүн иштешинен, жүрөк булчуңунун сезгенишине, аритмияга, боордун бузулушуна, таанып-билүүнүн начарлашы, нерв оорулары, маанайдын кескин өзгөрүшү жана башкалар менен коштолот. Мындан сырткары, канды коюлтуп, организмдин ар жеринде тромбдордун пайда болушуна себеп болот. Бул жүрөк, тамыр ооруларына кирет. Экинчиден, вирус жүрөктүн булчуңуна жайгашып, көбөйүп, жүрөк булчуңунун сезгениши — миокардит оорусуна дуушар кылат. Жүрөктү, анын чел кабыгын кошо кармап, жүрөктүн тегерегинде суу бириктирүү күчүнө ээ.

— Бул нерселердин алдын алуу үчүн эмне кылуу зарыл? 

— Эрежелерди так сактоо зарыл. Вирус болгон жайлардан алыс болуп, аны организмге киргизүүдө качуу керек. Биз өзүбүздү согуш абалында жүргөндөй сезишибиз кажет. Душманыбыз — коронавирус. Бир жакшы жагы вирус бизди кууп жете албайт. Ал дем алуу системасы аркылуу, чүчкүрүү, жөтөлүү менен жугат.

— Коронавируска чалдыккан өнөкөт оорулары бар бейтаптар кандай даарыланышы керек?

— Илдеттин белгилери байкалганда дүрбөлөңгө түшүп, колдо бар дарыны ичип, «вирустун жайылышын токтотуп коёюн» деген туура эмес. Анткени вируска каршы вацина жок. Учурда эл биринчи күндөн тарта Арбидол, Эргоферон сыяктуу препараттарды ичкени эч кандай пайда алып келбейт. Анткени аталган дарылар вируска таасир көрсөтпөгөнү далилденди. Буга кошумча, бир жуманын ичинде 3-4 антибиотик алгандар кездешүүдө. Бул такыр туура эмес. Анткени алар бактрияга таасир берет. Мындай дарыларды канча албайлы вируска эч кандай таасир бербейт. Тескерисинче, организм вирус менен согушуп жаткан учурда керексиз антибиотиктерди алып, бактерияларга да мүмкүнчүлук берип коюудабыз. Организмде антибиотикке туруктуу бактериялардын пайда болушу абдан кооптуу. Анын кесепетинен күчтүү антибиотиктерди алган кезде да илдеттен арыла албай калышыбыз ыктымал.

JAMA Cardiology адистештирилген медициналык журналында жарыяланган март айындагы отчетко ылайык, Ухань ооруканаларында текшерилген 20 пациенттин дээрлик 416% жүрөк булчуңдарынын жабыркашы байкалган. Айтсаңыз, миокардит эмнеге алып келет?

— Жүрөктүн булчуңдарынын сезгенүүсү бир гана коронавируста эмес, грипп болгон учурда да кездешет. Вирус жайгашканда жүрөк булчуңу күчүн жоготот да, кеңейе баштайт. Жүрөк кеңейип, канды жакшы айланта албай калат. Натыйжада, кан өпкөдө биригип, адамга аба жетишпей, дем ала албай баштайт. Өпкөгө суу биригет. Ал боорго тебиши ыктымал. Андан ары ичке биригип, бут шишийт. Бул абдан кооптуу абал. Вируска байланыштуу миокардитке убагында диагноз коюлуп, дарылоо башталса, 50 пайыздан ашыгы толугу менен сакаят. Эгерде илдет башталган соң тоготпостук кылып, кардиологго барууну кечиктирип койсо, булчуңдарды эски кабылына кайтаруу оор.

— Өнөкөт оорулары бар бейтаптар, илдеттери күчөп кетпеши үчүн коронаврустан кандай сактанса болот?

— Өнөкөт орулуулар коронавирска чалдыкса, мурда ичкен дарыларын токтотпошу керек. «Алгач, коронавирус менен күрөшөйүн» деген туура эмес. Айталы, кан басымында көйгөйү бар бейтап дарыларды токтотуп койсо, коронавируска кабылганда организм стресс жашап, кан басымы жогорулайт. Мурда колдонгон дарылары жардам бербей калат. Вируска каршы дарыланууда дарыгер менен сөзсүз кеңешиши керек. Себеби, жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандардын көбү кан суюлтуучу дарыларды ичишет. Коронавирус менен күрөшүп жатканда да кайра эле кан суюлтуучу дары колдонсо, канап кете турган риск жаралат.

— Өнөкөт орулууларда да коронавирустун белигелери бирдей эле болобу? 

— Жалпысынан окшош болот. Бирок жүрөк-кан тамыр ооруларын менен күрөшкөндөрдө аба жетпөө сезими башынан эле болушу мүмкүн. Бул эки дарт бири-бирин адаштырып, бейтаптарга да, дарыгерлерге да бираз оорчулук жаратууда.

Мындай бейтаптар коронавирустан айыгуу ыктымалдуулугу кандай?

Өнөкөт оорулуулар илдетти толугу менен жеңип чыкмайынча бейтапканада болгону жакшы. Мындай бейтаптар туура дарыланса 90%ынан көбү коронавирустан айыгат.

— Профилактика катары Кардиомагнил дарысын ичүүгө болобу? 

— Вирустан профилактика деген түшүнүк жок. Ал туура эмес. Элдин баары Кардиомагнил, Аспирин иче баштайт да жок жерден ашказандарында көйгөй жаралат. Ооба, коронавирус канды коюлтуп коюуда, бирок дарыны илдеттин түрүнө карап ичкен оң. 40-50% коронавирус болгонун сезбей да калышат. Анткени аларда белгилер байкалбайт. Илдетке кабылгандардын 80% жеңил формасы менен жабыркагандыктан кан суюлтуучу дары ичүүнүн кажети жок. Айрымдар бираз сыркоолоп калса ренгтенге түшүп, «эки тараптуу пневмония бар экен» деп жатышат. Биз илдеттин деңгээлине, бейтаптын дене табына жараша суюктук ичип, вирусту жеңип кетесиңер деп ынандырганы аракет кылып жатабыз.

— Учурда эң белгилүү болуп жаткан Гепарин даарысынын жүрөк кан тамырларына тийгизген оң жана терс жактары жөнүндө айтып берсеңиз…

— Гепарин керектүү өлчөмдө, туура убакытта колдонулса жакшы натыйжа берет. Ал канды суюлтат. Бирок кононавируска чалдыккандардын бары Гепарин ичишчи керек деген көрсөткүч жок. Оор абалдагы бейтаптар колдонсо болот. Бирок байтапты толук сакайтпай ооруканадан чыгарып салсак, алдыда чоң көйгөй жаралат. Өпөкдөгү алмашууларга байланыштуу бейтапта аба жетишсиздик көйгөйү өнөкөт түргө өтүп кетиши мүмкүн. Гепаринди көп колдонуу кандагы тромбоциттердин көлөмүн азайтат. Ошондуктан аталган дарыны колдонууда белгилүү аралыкта кандын анализи текшерилиши керек. Андай болбосо коронавирустан эмес, Гепариндин кесепетинен көп байтаптарды жоготуп алышыбыз мүмкүн.

— Сиздин клиникага коронавирус менен жабыркаган жүрөк оорулуулар да дарыланабы?

— Ооба. Жүрөк орулуулар күндүзгү стационарларга түшүп калып, бирок тиешелүү адистин жоктугунан вирустан көбүрөөк жүрөк ооруларынын дарыларын туура чече албай кыйналып жатышат. Мындан улам биз коронавируска кабылган айрым жүрөк оорулууларды дарылап жатабыз.

— Жүрөк оорулууларды вирустан дарылоодо айырмачылык бары?

— Аларды дарылоо башкача болот. Жүрөк-кант тамыр оорулары менен жабыркаган адам күнүнө 4-5 литр суу ичсе, кан басымы көтөрүлүп кетет. Аны калыбына келтирүү оор. Жүрөк булчуңу иштебеген адам күн сайын 4-5 литр суу иче турган болсо, өпкөсүнө суу биригет. Натыйжада каза таап калышы ыктымал. Инфаркт болуп, жүрөгүнө операция жасаткан бейтаптарды дарылооло буга чейин колдонгон дарыларына карайбыз. Кылдаттык менен аракет кылуу керек.

— Рахмат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM