Биз менен байланышыңыз

ӨКМдин кызматкери подполковник Рашидинов дүйнө салды

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 420 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Руслан Рашидинов 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Руслан Рашидинов 1977-жылдын 13-сентябрында  Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында туулган.

2003-2020 -жылдары Өзгөчө кырдаалдар мнистрлигинде ар кандай кызматтарда эмгектенип келген.

Алган сыйлыктары:

“Мыкты аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн”  II –даражадагы медалы;

“Кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү үчүн” II-даражадагы медалы ;

ӨКМдин “Ардак грамотасы”;

“Мыкты аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн”  I –даражадагы медалы;

“Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы үчүн” төш белгиси.

Подполковник Р.Рашидиновдун үй-бүлөөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көнүл айтып:

З.Аскаров, Д.Алимбеков, Р.Рысбаев, К.Ахматов жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы эмгек жамааты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM