Биз менен байланышыңыз

Быйыл 53 бүтүрүүчү алтын сертификатка ээ болду

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 371 | 0

Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган 53 бүтүрүүчү алтын сертификатка ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Быйыл жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ 43 миң 245 бүтүрүүчү катышты. Анын ичинен 53 бүтүрүүчү эң жогорку упай алып, «Алтын сертификатка» ээ болушту.

Эң жогору упайды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Э.Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Акмарал Нурбек кызы  алды. Анын баллы — 229.

Ар кандай себептер менен мурдагы эки этапка катыша албаган 700гѳ жакын бүтүрүүчү 13-14-июлда тест тапшырышты.

Акыркы этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайга ээ болгон бүтүрүүчүлѳр «Алтын сертификат» алгандардын тизмесине 17-июлда киргизилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM