Биз менен байланышыңыз

Исмаилова стационарларга барып ыктыярчылар менен жолугушту

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 366 | 0

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Бишкек шаарындагы өпкөсү кагынган бейтаптар үчүн стационарлардын иши менен таанышты.

Ал Ш.Салымбеков атындагы медреседе жайгашкан күнү-түнү иш алып барган стационардын медициналык кызматкерлери менен жолугушту жана аларга 2 мобилдик кычкылтек концентраторун, 150 даана жеке коргонуу каражаттарын, респираторлорду, бир жолку көз айнектерди жана кол каптарды берди.

Аида Исмаилова медиктерге жана волонтёрлорго кайрылып, өкмөткө көрсөтүп жатышкан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ыктыярчылар вице-премьер-министрден дары-дармек каражаттарына жана башка калкка көрсөтүлүүчү медициналык тейлөөлөргө карата баалардын жогорулап жаткандыгына көңүл бурууну өтүнүштү.

Ошондой эле тез жардам унаасын, 1 жасалма дем алдыруучу аппарат бөлүп берүүнү суранышты.

Исмаилова «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинин жана 7-кичи районундагы ДСК имаратынын базасында жайгашкан стационарларга барып, алардын ар-бирине 150 даанадан жеке коргонуу каражаттарын, респираторлорду, бир жолку коргоочу көз айнектерди жана кол каптарды өткөрүп берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM