Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Кытайдан 200 даана кычкылтек концентратору алып келинди

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 288 | 0

Өкмөт 200 даана мобилдик кычкылтек концентраторлорунун кезектеги партиясын Кытайдан чартердик каттам аркылуу алып келди.

үстүбүздөгү жылдын июль айынан тарта өлкөгө республикалык бюджеттен сатылып алынган 1 миңден ашуун мобилдик концентраторлор алынып келинген. Ошондой эле гуманитардык көмөк көрсөтүү линиясы боюнча да концентраторлор келүүдө.

Өлкөгө алынып келинген кычкылтек концентраторлору, муктаждыкка жараша, республиканын саламаттык сактоо уюмдары арасында таркатылып берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM