Биз менен байланышыңыз

Кычкылтек концентраторлорун чыгарып кетүүгө аракет кылган жарандар кармалды

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 828 | 0

Кычкылтек концентраторлорун жана дарыларды Кыргызстандан чыгарууга аракет кылган үч кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

15-июлда «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунда мамлекеттик чек арадан кычкылтек концентраторлорун жана айрым дары-дармектерди Казакстанга алып өтүүгө аракет кылгандар кармалган.

Транспорт каражатын текшерүү учурунда автоунаанын ичинен 4 комплект кычкылтек концентратору, пульсоксиметр жана  өкмөтү тарабынан өлкөдөн убактылуу алып чыгууга тыюу салынган дары-дармектер («Ингавирин», «Ксарелто») табылган.

Керектүү документтер чогултулган соң айдоочулар жүк менен чогуу тиешелүү органдын кызматкерлери өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM