Биз менен байланышыңыз

Маркум Адинай Мырзабекова «Эрдик» медалы менен сыйланды

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 535 | 0

И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Адинай Мырзабекова өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн «Эрдик» медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланды.

Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Адинай Мырзабекова Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти болчу. Ал пандемия учрурунда Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан.

Кесиптештеринин айтымында, маркум стационарда 11 күн иштеп, эч жери ооруган эмес. Бирок медициналык кызматкерлер бардык күчүн жумшап, саламаттыгын аябастан иштеп жатышканын айтышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM