Биз менен байланышыңыз

Жумабеков Баткенге 5 кычкылтек концентраторун жиберди

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 471 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун атынан Баткен облусуна 5 кычкылтек концентратору жиберилди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жабдуулар Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координаторуна тапшырылып, ар бир район, шаардагы ооруканаларга бөлүндү.

15-июлга карата Баткен облусунда коронавирустун 66 жаңы учуру катталды. Анын 27си Баткен району жана Баткен шаарынын аймагынан, 19у Кадамжай району боюнча, 18и Лейлек районунан. Эки учур Сүлүктү шаарынан катталды.

Жалпы ооругандардын саны 421 жаранды түздү.

Учурда ооруканада изоляцияда 93 адам бар, амбулатордук изоляцияда 131 жаран бар. Ал эми обсервацияда 59 жаран бар.

Жалпы 80 жарандан пневмония аныкталган. Бүгүнкү күнгө чейин коронавирустан 9, пневмониядан 5 жаран каза болду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM