Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банктын жардамы менен 13 тез жардам унаасы сатып алынды

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 423 | 0

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо уюмдарына 13 тез жардам унаасы берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Тез жардам унаалары Дүйнөлүк банктын «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруштук берүүнү жакшыртуу» долбоорунун алкагында 764 миң долларга сатып алынды.

Медициналык шаймандар менен толук камсыздалган уналаар бардык аймактарга таратылат. Алардын үчөөндө өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараты да бар.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тез жардам унааларынын санын көбөйтүүнү улантат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM