Биз менен байланышыңыз

Бабанов ыктыярчыларга эстелик тургузууну сунуштап, өзү каржылоого даяр экенин айтты

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 677 | 0

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Бабанов пандемия учурунда иштеген ыктыярчыларга эстелик тургузууну сунуштап, өкмөттө акча жок болсо өзү каржылоого даяр экенин айтты.

“Бул пандемияны жеңгенде, өкмөтүбүз ыктыярчыларга эстелик тургузуусун сунуштайм. Каржылоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, бирок атайын орун берсе, аны аткарууну өзүмө алам. Бул эпидемияга каршы күрөштө бириккен жарандарыбыздын эмгегин түбөлүккө сакташыбыз керек!”, -деп айтылат Бабановдун билдирүүсүндө.

Саясатчы ыктыярчы болуп иштеп жүрүп каза тапкан 21 жаштагы студент Адинай Мырзабекованын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтып, ал өз жашоосун тобокелге салып, башкалардын жашоосун сактап калууга чоң салым кошконун жазды.

“Адинай өз өмүрүн башкаларга арнаган баатырыбыз болду. Ал биздин мамлекеттүүлүк тарыхыбыздагы ар бир баатырга тең келген биздин замандашыбыз! Ушул оор кезде жардам берип келгендердин эрдиктери эч качан унутулбайт”.

Сегодня похоронили 21-летнюю Адинай Мырзабекову.Совсем юную студентку, которая боролась за жизнь кыргызстанцев!Она…

Опубликовано Омурбеком Бабановым Вторник, 14 июля 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM