Бишкек шаарынын Жал кичи районунда күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу ишкер Нурсултан Кубанов «Марал» радиосуна билдирди.
Анын айтымында, ыктыярчылар тарабынан ачылган стационарда 40 орун даярдалды. Анда 3 дарыгер, 5 медайым иштеп жатат.
«Медикамент, керектүү нерсенин баарын даярдадык. Стацинар бүгүн иштей баштады. Колдоо көрсөтүүнү каалагандар болсо, жакшы болмок», — дейт Кубанов
Стационар №95 мектепте ачылган. Анда медициналык жардам акысыз негизде саат 8:00дөн 20:00гө чейин көрсөтүлөт.