Биз менен байланышыңыз

Түркиядан 330 кыргызстандык учуп келди

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 562 | 0

Бүгүн, 15-июлда Кыргызстанга Түркиядан 330 Кыргызстандын жараны учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жарандар «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын «Стамбул-Бишкек-Стамбул» багыты боюнча Кыргызстандан Түркиянын, Түркиядан Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.

Бул каттам президент жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган.

Белгилей кетсек, бул каттам менен Түркиянын эл аралык авиакаттамдардын жаңыланышына жана чет өлкөлүк жарандардын киришине чектөөлөрдү алып салуусуна байланыштуу транзиттик которолуп түшүү менен Кыргызстанга биздин жарандар Малайзия, Түндүк Кипр, Япония, Франция, Швейцария, Украина, АКШ, Германия, Вьетнам, Бельгия, Швеция, Чехия, Корея, Болгария, Австрия, Испания, Грузиядан келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн жарандарды мекенге кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM