Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков коронавирус илдетинен айыкты. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Баатырбеков 15-июлдан тарта ишине киришти.
Алмазбек Баатырбеков COVID-19 илдетин жуктуруп алган жана сол өпкөсү сезгенгени кабарланган. Ал дарылоо курсунан өтүп, кайрадан тапшырган анализинин жыйынытыгы таза чыкты.
Чыке
15.07.2020 12:08
Алмаз Батырбековду жакшы карады анын 2 ден врач медайым куну туну дары дармек обеспечение болуп турса айыгат да Элди кармап беле