Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 105 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
— Бишкек ш. – 25 ;
— Чүй облусунда – 13;
— Ош ш. – 19;
— Ош облусунда – 14;
— Жалал-Абад облусунда – 5;
— Баткен облусунда – 21;
— Ысык-Көл облусунда – 8.
Ал эми 6 медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыкты.
COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында жалпы 1980 учур катталды, алардын ичинен 576 медкызматкер айыгып чыккан.