Биз менен байланышыңыз

Педагогика илимдеринин доктору Жанкороз Каниметов дүйнө салды

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 1942 | 0

14-июлда педагогика илимдеринин доктору, мамлекеттик жана коомдук ишмер Жанкороз Каниметов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Каракол шаардык мэриясынын маалыматына караганда, Каниметов эки тараптуу пневмониядан каза тапты.

Жанкороз Каниметов 1950-жылдын 30-мартында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылында туулган. Караколдогу мамлекеттик педагогикалык институтун, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн.

Түп районундагы Сан-Таш айылынын Каркыра орто мектебинин, Арал орто мектебинин, Кайкин атындагы орто мектебинин директору, Ак-Суу райОНОсунда Элге билим берүү башкармалыгынын башчысы, Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинде бөлүм башчы, Ысык-Көл областтык билим берүү башкармалыгынын башчысы, Кыргызстандын Билим берүү кызматкерлеринин конгрессинин президенти, Билим берүү жана илим министринин орун басары, «Ысык-Көл» коомдук фондунун төрагасы,  Жогорку Кеңештин парламенттик Кыргыз-Түрк кызматташтык тобунун жетекчиси болгон.

«Ала-Тоо» Эл аралык университетинин проректору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, Москвадагы Эл аралык педагогикалык билим Академиясынын академиги.

Жанкороз Каниметов Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалынын ээси, II класстагы мамлекеттик кеңешчиси болгон. Кыргыз ССРинин Билим берүүсүнүн отличниги, СССР Билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими,  Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты.

Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жөнүндө» Мыйзамынын, «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын, «Жалпы орто билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын автору.

«Марал» радиосунун жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM