Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Стационарда реанимация бөлүмүн ачуу үчүн имарат изделип жатат

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 343 | 0

Бишкек шаарынын стационарларынын биринин базасында реанимация бөлүмүн ачуу пландалууда. Ал үчүн ылайыктуу имарат изделип жатат.

Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун айтымында, «Семетей» госпиталынын аймагында 50 орунга эсептелген реанимация ачылган. Азыр анда эң оор абалдагы 16 бейтап дарыланып жатат.

«Бирок госпиталь шаардын четинде жайгашкандыктан, биз өтө баалуу болгон убактыбызды коротуп жатабыз. Ошондуктан Бишкек шаарынын ичиндеги стационарлардын биринде убактылуу реанимация бөлүмүн ачуу чечими кабыл алынды», — деди премьер-министр. Ал ошондой эле түнкү стационарларды ачуу процессин тездетүүнү тапшырды.

Учурда Бишкекте 12 күндүзгү стационар иштейт жана түнкү стационарларды ачуу иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM