Биз менен байланышыңыз

Өкмөт сырттан келген дары-дармектер тууралуу маалымат берди

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 290 | 0

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Кыргызстанга алып келинип жаткан дары-дармектер тууралуу маалымат берди.

6-июлда 100 таңгак Клексан санофи дарысы, 10-июлда 1 миң 500 таңгак, 11-июлда 15 таңгак Гепарин дарысы, 8-июлда 1 миң 500 таңгак Фленокс дарысы, 9-июлда дагы 2 миң 601 таңгак Клексан санофи дарысы келди.

14-июлга карата Клексан санофиден 3 миң 500 таңгак, Эниксумдан 960 таңгак алып келинди.

“Башка бир компаниядан Эниксумдан 800 таңгак, дагы бир компания Гепаринден 4 миң 240 таңгак алынып келди. Бир күндө келип түшкөн дары-дармектердин жалпы саны Эноксапариндин 5 миң 260, Гепаринден 4 миң 240 таңгак келди. Ал эми 15-июлда Фраксипаринден 1 миң таңгак, Россиядан Эноксапарин дарысынын 1 миң таңгагы 15-20-июлда, Клексан санофиден 500, Гепаринден 15 миң таңгак келет. Ошондой эле дагы бир компаниядан 15-20-июлдарда Клексан санофиден 71 таңгак, Фраксипаринден 510 таңгак, Клександан 1 миң 800 таңгак келүүсү күтүлүүдө”, — деди Боронов.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM