Биз менен байланышыңыз

Кампаларда гепарин, азитромицин, арбидол дарыларын катып жаткандар аныкталды

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 1360 | 1

Дары-дармектердин бааларын негизсиз кымбаттаткан учурлар, мыйзамсыз ташылып келген товарлар боюнча 27 факт катталды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйынында билдирди. Анын ичинде:

-медициналык каражаттардын (беткаптардын) баасын негизсиз кымбаттатканы үчүн 4 иш каралып жатат;

-мыйзамсыз ташып келүү боюнча 13 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

-кампаларда катып алып, дары-дармектердин жасалма тартыштыгын атайылап жасап жаткандар боюнча 2 иш ачылды. Кампаларда гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физрастворлор, ингаверин, арбидол жана башка дарыларды катып жатышкан.

-дарыларды кымбат сатып жаткан алып сатарларга карата 8 факт Жоруктар кодекси боюнча өтүүдө.

Финансы полициясы тарабынан бааларды негизсиз кымбаттаткан дарыканаларга, мополисттик келишимдерди түзүп алган физикалык тараптарга, алып сатарларга карата чаралар күчөтүлөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Шамшар

    14.07.2020 17:58

    Жоопко тартыш керек талапка ылайык акмакты элди ойлобогон

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM