Биз менен байланышыңыз

15-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 274 | 0

15-июлдан 17-июлга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

15-июлда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +30…+35;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,

Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26 градус жылуу.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +33…+35.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM