Биз менен байланышыңыз

Орусиядан 16 миңден ашык кыргызстандык мекенине кайтты

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 479 | 0

Орусиядагы Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруунун алкагында, 2020-жылдын 6 июлунан 12 июлга чейин Москва шаарынан 8 чартердик авиакаттамы менен 1 813 жүргүнчү учту.

-үч авиакаттам Москва шаарынан Бишкек жана Ош шаарларына 803 жүргүнчү менен келген;

-эки авиакаттам Новосибирск шаарынан Бишкек жана Ош шаарларына 365 жүргүнчүнү алып келген;

-эки авиакаттам менен Екатеринбургдан Бишкек жана Ош шаарларына 461 жүргүнчү келген;

-бир авиакаттам менен Санкт-Петербургдан Ош шаарына 184 жүргүнчү келген.

Орусияда авиакаттамдар токтотулгандан баштап, тагыраагы 20-марттан 13-июлга чейин Орусиянын 21 аймагынан 16 миң 581 кыргызстандык мекенине кайтты.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги учурда туруктуу авиакаттамдар ачыла электигин жана Россия-Казакстан чек арасы жабык экенин эскертет.

Жумуш табуу боюнча жардам керек болсо, Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүнө төмөнкү дарек боюнча жарандар кайрылса болот: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 12а; байлыныш телефондору: +7 (977) 597 37 03; +7 (901) 706 13 56 (WhatsApp); + 7 (901) 761 11 96; +7 (980) 078 03 32; + 495 780 74 12, + 495 780 74 10, + 495 780 74 12; электрондук дарек: predmigration@mail.ru.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM