Биз менен байланышыңыз

Милициянын капитаны Хасан Абдуллаев коронавирустан улам кайтыш болду

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 461 | 0

Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын түштүк башкармалыгынын Баткен шаардык күзөт бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын капитаны Хасан Абдуллаев 49 жаш курагында коронавирустан улам кайтыш болду.

Ал өмүр бою ички иштер кызматында эмгектенип келген. Акыркы эпидемиологиялык кырдаалда жарандардын коопсуздугу үчүн ички тартипти сактоого салым кошкон.

«Марал» радиосунун жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM