Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан дагы 220 жасалма дем алдыруучу аппаратка муктаж

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 293 | 0

Кыргызстанда 572 жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Саламаттыкты сактоо тармагы дагы 220 ИВЛге муктаж. Бул тууралуу министрликтин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Март айынан бери өлкөгө гуманитардык жардам иретинде 23 жасалма дем алдыруучу аппарат, 130 БиПАП аппараты, өпкөнү желдетүү режиминдеги 5 аппарат келген.

Мындан тышкары, 610 кычкылтек концентратору бар. Мурунку жумада Кытайдан 1 миң концентратор алынган жана Түркия, Кытайдан дагы концентраторлордун келиши күтүлүүдө.

Өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 11 538ге жетти. Акыркы суткада 421 кишиден коронавирус аныкталды.

Ошондой эле бир сутка ичинде 109 бейтап ооруканадан чыгарылды. Республика боюнча жалпы 3569 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан – 1426 киши айыкты. Жалпысынан республика боюнча коронавирустан айыккандардын саны — 4995 кишини түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM