Биз менен байланышыңыз

Чүй облусундагы ооруканаларга 376 кычкылтек концентратору келди

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 405 | 1

Чүй облусундагы ооруканаларга жана күндүзгү стационарларга акыркы бир нече күндүн ичинде 376 кычкылтек концентратору келди. Республикалык штабдын маалыматына караганда, алар ар кандай финансылык булактардын эсебинен, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен алынган.

Мындан тышкары, 13-июлда Саламаттык сактоо министирлиги 14 даана кычкылтек концентраторун алды. Аны Евразия экономикалык комиссиясында иштеген Кыргызстандын өкүлдөрү COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө мекендештерине жардам көрсөтүү максатында өз каражаттарына сатып алышкан.

Жабдуулар өлкөнүн медициналык мекемелерине бөлүштүрүлөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Айдай

    15.07.2020 08:54

    Кызык экен Чуй обл.иштебесе оорулуларды кабыл албай жатышат Поликлиникалар кабыл албаса булар кычкылтек концентраты каякка кимге беришти экен

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM