Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 2, пневмониядан 45 бейтап каза болду

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 397 | 0

14-июлга карата Кыргызстанда коронавирустан дагы 2 бейтап каза болду.
Алар Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 бейтап (эркек 58 жашта, аял 67 жашта).

Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 149 кишини түздү.

Мындан сырткары, бир сутка ичинде пневмониядан 45 бейтап каза болду. Алардын ичинен 23 адам республика боюнча жана Бишкекте 22 адам.

Март айынан бери пневмониядан каза болгондордун жалпы саны – 497 адам.

Өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 11 538ге жетти. Акыркы суткада 421 кишиден коронавирус аныкталды.

Ошондой эле бир сутка ичинде 109 бейтап ооруканадан чыгарылды. Республика боюнча жалпы 3569 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан – 1426 киши айыкты. Жалпысынан республика боюнча коронавирустан айыккандардын саны — 4995 кишини түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM