Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуунун шарты тууралуу айтты

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 706 | 0

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы айрым депутаттардын кезексиз жыйынга чогулууну талап кылганы тууралуу билдирүү таратты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү талабы менен төрага Дастанбек Жумабековго кайрылышкан.

“Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, төрага кезексиз сессияны президенттин, өкмөттүн же депутаттардын үчтөн биринин сунушу менен гана өткөрө алат”, -деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу үчүн анда карала турган маселе так көрсөтүлүп, жыйындын убактысы да белгилениши керек.

Парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүүнү сунуштаган депутаттар эпидемиологиялык кырдаалды, андан чыгуунун жолдорун талкуулоону талап кылышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM