Биз менен байланышыңыз

Казакстанда карантин режими дагы эки жумага узартылат

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 376 | 0

Казакстанда карантин режими дагы эки жумага узартылат. Бул тууралуу 13-июлда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Казакстанда COVID-19 илдети жайылып кеткенине байланыштуу 5-июлда кайрадан эки жумалык карантин киргизилген. Алгачкы карантин пандемия жаңы башталганда март айында жарыяланып, майдын ортосуна чейин күчүндө болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 59 899 кишиге жетип, 375 бейтап каза болду. Бул статистикага пневмониядан көз жумгандар кирген эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкөдө пневмония менен 99 миң адам катталып, алардын 1772cи каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM