Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстанга ПЦР тест-системасынын топтомун берди

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 380 | 0

Орусия коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн алкагында Кыргызстанга гуманитардык жүк берди.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, гуманитардык жардам катары 80 изилдөө үчүн 820 ПЦР тест-системасынын топтому, 24 изилдөөгө толук эмес 480 топтом келген.

13-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 11 миң 117ге жетти. Илдеттен 3460 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 147 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM