Биз менен байланышыңыз

Бишкек милициясы митингдин катышуучулары эмне себептен кармалганын түшүндүрдү

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 285 | 0

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Ала-Тоо аянтындагы тынчтык митинги учурунда кармалгандар боюнча маалымат таратты.

Бүгүн, 13-июлда «Шайлоого жол жок!» аталышындагы акцияга чыккан 8 жаранды милиция кармап кеткен. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң кое берилген.

Мекеменин маалыматына караганда, 11-июлда борбордук аянтта тынчтык митингин өткөрүү боюнча Т.А. аттуу жаран кайрылган. Бирок Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын буйругуна ылайык, 2020-жылдын 12-майынан баштап Бишкек шаарынын аймагында спорттук, коомдук жана башка иш-чараларды өткөрүү убактылуу токтотулган.

Ошондой эле шаардагы эпидемиологиялык абалды эске алып, мэрия митингди өткөрүүнүн убактысын жылдырууну сунуштаган.

«Тыюу салууга жана кабарлама алгандыгына карабастан, 25-30дай белгисиз адамдар 13-июлда болжол менен 11:20 чамасында Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтынын ар кайсы бөлүгүндө чогулушкан», -деп айтылат маалыматта.

Бишкектин Биринчи май РИИБге төмөнкү жарандар жеткирилди:

1999-жылы туулган С.Ж., 1993-жылы туулган Р.А., 1997-жылы туулган Ж.А., 1998-жылы туулган Ж.Н., 2003-жылы туулган Н.Б., 1991-жылы туулган З.А., 1998-жылы туулган Ж.А., 1990-жылы туулган Т.К.. Баары Бишкектин тургундары.

Жергиликтүү маалымат каражаттары бүгүн тынчтык митингине эң көп дегенде 15тей адам чыкканын жазышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM