Биз менен байланышыңыз

Боронов дарыгерлерге: Биз силерсиз пандемияны жеңе албайбыз

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 406 | 0

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов «Семетей» обсервациялык жайынын дарыгерлери менен жолугушкан учурда алардын жумушун жеңилдетүү үчүн шарттар түзүлүп жатканын айтты. 

«Учурда жарандар коронавирус илдети менен күрөшүүгө жөндөмдүү болгон тажрыйбалуу дарыгерлердин квалификациялуу жардамына муктаж. Биз силерсиз пандемияны жеңе албайбыз жана жарандардын өмүрүн сактай албайбыз. Ар бир бейтапка көңүл буруу – бул алардын тез сакайып кетишинин ачкычы. Сиздерден бейтаптарга абдан жакшы көңүл бурууңуздарды өтүнөм. Биз өз кезегинде силердин жумушуңар үчүн жакшы шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», — деп белгиледи премьер-министр.

Бүгүнкү күндө «Семетей» обсервациялык жайындагы 1310 орундун 600ү бош эмес. Анда Улуттук госпиталдан, Онкология жана гематология улуттук борборунан, Чүй облустук бириктирилген ооруканасынан, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан 170 медицина кызматкери ишке тартылган.

«Биз эмгек өргүүсүндөгү бардык дарыгерлерди ишке чыгууга чакырып жатабыз жана чет өлкөлөрдөн адистерди тартуудабыз. Дарыгерлер, жалпы эле медицина кызматкерлери ооруп жаткан ар бир жарандын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык күчүн жумшарына ишенем», — деди Боронов.

13-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 11 117ге жетти. Илдеттен 3460 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 147 адам (+15 учур бүгүн катталды) каза болду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM