Биз менен байланышыңыз

Бишкекте түнкү стационарлар ачылууда

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 464 | 0

Бишкектин ар бир районуна түнкү стационарларды ачуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

7-кичи райондогу спорт комплексинин базасында бир стационар даярдалды, анда 97 орун бар. «Консул» ресторанынын ээлери да имаратты стационар  үчүн беришкен.

Учурда Бишкекте 12 күндүзгү стационар иштеп жатат. Аларда тогуз күн ичинде 23 миң 819 адам кабыл алынган. Анын ичинен 17 миң 890 адам капельница алган, 5 миң 781 киши консультация алды, 139 киши жаткырылды, 9 киши каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM