Биз менен байланышыңыз

Аткаминерлер үчүн аба каттамы уюштурулганбы? «Манас» аэропортунун жообу

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 3491 | 0

Бир катар аткаминерлер үчүн чартердик аба каттамдары уюштурулган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту билдирет.

Буга чейин интернетте атайын борт менен Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, анын орун басары Нурболот Үсөнбаев Германияга дарыланууга учуп кетти деген маалыматтар тараган.

Аэропорттун маалыматына караганда, пандемия учурунда мезгил-мезгили менен буйрутмалык чартердик каттамдар аткарылып жатат, ал каттамдар жүргүнчүлөрдүн билдирмеси менен медициналык эвакуациялоо максатында, ошондой эле камсыздандыруу учурларында аткарылат.

«Чартердик каттамдарды менен чет элдик дипломатиялык кызматтардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик жарандар пайдаланат. Кыргызстандын жарандары мындай каттамдар менен учкан эмес. Аба майданы учурда орун алган эпидемиологиялык абалда жүргүнчүлөрдүн коопсуздук чараларын так камсыздоо менен күнү-түнү иштеп жатат», -деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин абалы учурда канааттандырарлык. Алар Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарыланып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM