Биз менен байланышыңыз

«Семетей» обсервациясында 50 реанимациялык орун бар

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 397 | 0

«Семетей» обсервациясындагы жандандыруу бөлүмүндө учурда 50 адамга эсептелген орун бар. Бул тууралуу Башкы реаниматолог Жамиля Чынгышова маалымдады.

40ка жакын врач-реаниматологдор, ошондой эле клиникалык ординаторлор 4 сменада иш алып барууда. Реанимациялык блок бардык зарыл жабдуу менен жабдылган. Оорулууларды кычкылтек менен камсыздоо үчүн суюк кычкылтек концентраторлору жана өпкөнү дем алдыруучу аппараттар орнотулган.

Премьер-министр Кубатбек Боронов «Семетей» обсервациясынын иши менен таанышып, анда түзүлгөн шарттар адам өмүрлөрүн сактоого көмөк берерине ишендирди.

«Бүгүнкү күндө коронавируска шектелген оорулууларды кабыл алып жаткан көптөгөн медициналык мекемелер өнөкөт оорусу бар бейтаптарды кабыл ала алышпайт. Учурда «Семетей» обсервациясында 600дөн ашуун  оорулуу дарыланып жатат. Ошондуктан обсервациянын аймагында реанимация бөлүмү уюштурулган. Мында Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан да бейтаптарды алып келинүүдө», — деди Кубатбек Боронов.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM