Биз менен байланышыңыз

5 медицина кызматкери коронавирустан каза болгон

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 491 | 0

Кыргызстанда 5 медицина кызматкери коронавирустан каза болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Каза болгондордун төртөө дарыгер жана бири медициналык кызматкер.

«Коронавируска кабылган дарыгерлердин саны өсүүдө. Анткени алар күнү-түнү иштеп жатышат, иммунитетти төмөндөп, ооруну жуктуруп алгандар көбөйүп жатат. Адамда иммунитет алсыз болсо вирус бат жугат», — деди Акматова.

13-июлга карата 125 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинде:

-Бишкек ш. – 63;
-Чүй облусунда – 7;
-Ош ш. – 16;
-Ош облусунда – 10;
-Баткен облусунда – 13;
-Ысык-Көл облусунда – 7;
-Талас облусунда – 2;
-Нарын облусунда – 2;
-Жалал-Абад облусунда – 5 учур.

Ошол эле учурда акыркы сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1781 учур катталды, алардын ичинен 560 кызматкер айыкты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM