Биз менен байланышыңыз

Орусиядан келген дарыгерлерди тосуп алуу боюнча өкмөттүн түшүндүрмөсү

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 726 | 0

Өкмөт Кыргызстанга Орусиядан келген ыктыярчы дарыгерлерди тосуп  алуу маселеси боюнча түшүрдүрмө берди. Билдирүүгө караганда, Саламаттык сактоо министрлиги объективдүү себептерге байланыштуу аларды аэропорттон тосуп алууга бара албай калган.

Бирок андан кийин министрликтин жетекчилиги келген медицина кызматкерлери менен жолугушкан.

Эске салсак, 12-июлда атайын чартердик каттам менен коронавирус инфекциясына каршы күрөштө көмөктөшүү максатында Орусияда иштеген кыргызстандык 45 дарыгер жана медициналык кызматкерлер учуп келген.

Кыргызстанда коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 10629ду түзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM