Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Дары-дармектерди чет өлкөгө сатууга тыюу салынган

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 334 | 0

Кыргыз өкмөтү чет өлкөгө дары-дармектердин, жеке коргонуучу каражаттардын сатылып жаткандыгы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Өкмөттүн 2020-жылдын 3-февралындагы токтому аркылуу Кыргызстандын аймагынан дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды чыгарууга убактылуу тыюу салынган.

Ошондой эле хирургиялык операцияларды жүргүзүүдө медициналык персоналдар жана бейтаптар колдонуучу бир жолку халаттарды, коргоочу костюмдарды, дем алуу жабдууларын жана газ маскаларын чыгарууга тыюу салынган.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстандан Кытайга пандемияга байланыштуу бир жолу гуманитардык жүк жөнөтүлгөн. Жүк кытай тараптын суроосуна жараша түзүлгөн. Анда антисептикалык жана дезинфекциялык каражаттар, жеке коргонуучу медициналык каражаттар жиберилген.

Өкмөт социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтарды шайлоо алдындагы кампания менен алектенип жаткан белгилүү саясатчылар таратып жаткандыгын билдирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM