Биз менен байланышыңыз

АКШ Японияга 23 млрд долларга аскердик учак сатат

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 327 | 0

АКШнын Мамлекеттик департаменти Японияга бешинчи муундагы 105 даана F-35 согуштук-бомбалоочу учак жана керектүү шаймандардын жеткирилишин жактырды.

Келишимдин жалпы баасы 23,11 миллиард долларга бааланган. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигине таянып ТАСС жазып чыкты.

«Сунуш кылынган сатуу Азия-Тынч океан регионундагы саясий туруктуулук жана экономикалык өнүгүү үчүн күч болгон негизги союздаштын коопсуздугун күчөтүү менен АКШнын тышкы саясатына жана улуттук коопсуздук максаттарына кызмат кылат. Япониянын АКШнын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарында күчтүү жана натыйжалуу коргонуу жөндөмүн колдоп, өнүктүрүшү өтө маанилүү», — деп айтылат маалыматта.

АКШнын администрациясы чечимди өлкө Конгрессине кабарлады.

Эми мыйзам чыгаруучуларга бул аскердик келишимди карап чыгууга жана ратификациялоого же бөгөттөөгө 30 күн керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM