Биз менен байланышыңыз

«Ковидиот», «карантикул» … — пандемияда пайда болгон жаңы сөздөр

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 879 | 0

Пандемия учурунда социалдык медиада коронавируска байланыштуу жаңы сөздөр колдонула баштады. Бул жерде эң популярдуу айрымдарын топтодук.

Ковид, ковидтүү сөзү коронавирустун расмий аталышы COVID-19’дан келип чыккан жана ушул ооруга чалдыккан бейтапты билдирет. COVID-19 сөзүн кантип жазууну билбегендер да бул сөздү колдонушат. «Ковидтүү» сөзүн пациенттерге карата колдонууда этият мамиле кылуу керек, анткени бул сөз одоно угулат.

Ковидиот пандемияга олуттуу маани бербегендерге колдонулат. Бул категориядагы адамдар өз алдынча обочолонуу жол-жобосун сактабай, жасалма билдирүүлөрдү таркатышат. Ошондой эле, алар коронавирустун айланасында пайда болгон кутум теорияларын жайылтышат.

Ковид-диссидент — ковидиоттун бир түрү. СПИДдин бар экенине ишенбеген ВИЧ/СПИД боюнча диссиденттер да бар. Өкмөт жана фармацевтикалык компаниялар аларды адамдарды ууландырып жатышат деп эсептешет. Ковид-диссиденттер вирус жуккан адамдар чындыгында башка ооруга чалдыккан деп ойлошот.

Коронасептиктер да вирус тууралуу маалыматка толук ишенишпейт, бирок алар кутум теорияларын колдобойт. Алардын айтымында, эгер көйгөй масштабы кеңейсе, катаал чараларды көрбөө керек. Өзүн-өзү изоляциялоо милдеттүү чара эмес, аны ар ким өзү чечиши керек.

Коронаэнтузиасттер скептиктер менен диссиденттерге каршы пикирде. Алар карантин чараларын күчөтүүгө, анын ичинде медициналык беткапты ар дайым кийип жүрүүгө чакырышат.

Коронафейктер — бул социалдык тармакка жана мессенжерлерде коронавирус жөнүндө кабарга дүрбөлөң салган жалган жана негизсиз билдирүүлөр. Буга Билл Гейтс жана 5G мунаралары жөнүндө жалган маалыматтар, өзүн дезинфекциялоочу деп тааныштырган уурулар адамдарды газ менен ууландырып жатат деген жалган кептер кирет.

Карантикул. Март айында баарыбыз эс алууга, карантинге же өзүнчө изоляцияга чыктык. Эч ким эмне болгонун түшүнгөн жок. Түшүнүксүз жагдай «карантикул» («карантин» жана «каникул») деген сөздүн келип чыгышына алып келди.

Коронапаника — адамдардын пандемияга жасаган реакциясы. Соода борборлорундагы тамак-аштын жетишсиздиги, жасалма жаңылыктардын жайылышы, жалган божомолдор дүрбөлөңдүн  натыйжасы.

Зумдашуу. Карантин учурунда өзгөчө популярдуу болгон Zoom видео коммуникациялык платформасында жөнөкөй тилде ушундай сүйлөө керек.

«Ковидарность». Карантин учурунда көптөгөн адамдар кирешесиз калды. Тамак-ашка акча таба албагандар болду. Муктаж болгондордун азабын жеңилдетүү үчүн ыктыярчылар колунда жокторго тамак-аш таратып, кайрымдуулук акциялары өткөрүлдү. Карантин мезгилинде адамдар бири-бирине боору ооругандыгын орус тилинде «ковидарность» деген сөз менен билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM