Биз менен байланышыңыз

Боливиянын президенти коронавируска чалдыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 372 | 0

Боливиянын убактылуу президенти Жанин Аньес коронавирус жуктуруп алды. Ал бул тууралуу Твиттердеги баракчасына жарыялады.

«Менде коронавирус тести оң болду. Мен жакшымын, жалгыз иштей берем. Келгиле, бирге алга жылалы», — деп жазган Аньес.

Ал белгилегендей, Боливиянын көптөгөн аткаминерлери коронавирус жуктуруп алгандыктан анализ тапшыруу чечкен.

Ал жаңы анализ тапшырганга чейин 14 күн ичинде үйдөн иштейт.

CNN билдиргендей, акыркы күндөрү Боливиянын жогорку даражалуу төрт кызматкери, анын ичинде саламаттыкты сактоо министри Мария Эйди Рока коронавируска чалдыккан.

Буга чейин вирус Бразилиянын президенти Джейир Болсонару менен Гондурандын президенти Хуан Орландо Эрнандесте аныкталган.

Акыркы маалыматтар боюнча, Боливияда коронавирус жуктурган адамдардын саны болжол менен 43 миңди түзөт, андан каза болгондордун саны 1,5 миңден ашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM