Биз менен байланышыңыз

Бир суткада өлкө аймагында 13 өрт катталды

Кыска кабар | 6 Июл 2020 | 358 | 0

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, Бишкек шаарында 3, Ошто 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 2, Ысык-Көл 1, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.

Кызыл-Кыя шаарында мечиттин трансформатору, Сүлүктү шаарында турак үйдүн короосунда 1 тонна жыйылган чөп, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 100 чарчы метр куураган чөп, Өзгөн шаарында 500 сотых куураган чөп жана 15 кг пахта, Токмок шаарында турак үйдүн короосунда 800 түк чөп, Аламүдүн районунда «Камаз» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа 700 түк саманы менен толук күйгөн. 

Учурда кырсыктардын себептери такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM