Биз менен байланышыңыз

Матраимовдор тарабынан жалпы 295 орундуу стационар даярдалды

Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 257 | 0

Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду Райымбек Матраимовдун демилгеси менен Кыргызстанда эбегейсиз тездик менен тарап жаткан COVID-19 илдети менен күрөшүү акциясын улантууда. Бул тууралуу депутат Искендер Матраимов фейсбуктагы баракчасында жазды.

Анын айтымында, акыркы төрт күн ичинде алар Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачуу менен алек болду.

🔹Бишкектеги «Rixon» мейманканасынын базасында оорукана ачылды. Бул жакта жалпы орундардын саны- 60. Мейманканын аймагында дарыгерлер үчүн жатакана уюштурулат;

🔹Мындан сырткары, «Эльдорадо» соода борборунун аймагында да дагы стационар ачылат. Ал оорукана 200 адамга ылайыкталган;

🔹Ошто «Андрос-Ош» көп профилдүү оорукананын базасында да 35 орундуу оорукана ачылат;

🔹Ошондой эле,  ооруканалар дагы деле жетишпей жаткан болсо, «EREM» спорткомплексин күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даяр.

Бул убактылуу ооруканаларда Фонд коронавирус илдетинин кесепетинен келип чыккан пневмониянын оор түрү менен жабыркаган оорулуларды айыктыруу үчүн баардык шарттарды түзүп жатат. Ар бир ооруканада реанимация бөлүмү болот.

Ошондой эле:
🔹10 жасалма дем алдыруучу аппараттарды (ИВЛ);
🔹 500 кислороддук концетраторлорду;
🔹 2 портативдүү рентген аппараттарын;
🔹 50 кандагы кислородду текшерүүчү оксиметрлерди;
🔹200 дарыгерлердин коргонуучу костюмдары сатып алынды.

Андан тышкары, дарыгерлердин айлыктары, оорулуулардын жана медицина кызматкерлеринин 3 маал тамагы Фонд тарабынан камсыздалат.

Саламаттык Сактоо министрлиги бейтаптарды дарылоо процессин көзөмөлгө алып, ооруканаларды дарыгерлер менен камсыздоо ишин колго алмай болду, — деп жазды Матраимов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM