Биз менен байланышыңыз

«Мекенчил» партиясы шайлоого аттанат

Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 478 | 0

“Мекенчил” партиясы парламенттик шайлоого катышуу ниетинде Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШК маалымдады.

Маалыматка караганда, партия жетекчиси Камчыбек Ташиевдин колу коюлган кайрылуу 4-июлда БШКга келип түшкөн. Бул кайрылуунун негизинде партиянын шайлоо жана каржы маселелери боюнча өкүлдөрү катталды.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына, шайлоого катышуу ниети менен “Ата Мекен” партиясы кайрылган.

“Мекенчил” партиясы камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери түзгөн саясий бирикме катары белгилүү.

Кыргызстанда парламенттик шайлоону өткөрүү 4-октябрга белгиленди. Шайлоо мыйзамына ылайык, 20-августка чейин депутаттыкка талапкерлер катталып бүтүшү керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM