Биз менен байланышыңыз

«Мекенчил» партиясы жергиликтүү жана парламенттик шайлоого барбайт

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 713 | 0

«Мекенчил» саясий партиясы 11-апрелдеги жергиликтүү шайлоого барбайт. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү Адинай Марипова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Марипова билдиргендей, «Мекенчил» партиясы алдыда пландалып жаткан парламенттик шайлоого да катышпайт.

— «Мекенчил» партиясы 11-апрелде да, парламенттик шайлоого да катышпайт, — деп жазган Марипова.

«Мекенчил» партиясын президент Садыр Жапаров түптөп, төрагалык кылып келгени белгилүү.

Аталган партия өткөн жылдын 4-октябрында болгон парламенттик шайлоого Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM