Биз менен байланышыңыз

5-июль: Дагы 283 адамдан коронавирус табылды

Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 1256 | 0

2020-жылдын 5-июлуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 283 учур катталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Жаңы учурлар катталган аймактар:
Бишкек шаары – 162;
Чүй облусу — 31Г;
Ош шаары — 27;
Ош облусу — 13;
Нарын облусу — 18;
Баткен облусу — 13;
Ысык-Көл облусу — 19.

Жаңы катталгандардын баары тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор.

Республика боюнча жалпы 7377 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Анын ичинен 2802 бейтап сакайган.

Copyright © 2017 Maral FM