2020-жылдын июнь айына карата 10 миң 237 медкызматкер жалпы суммасы 109 млн 600 миң сом өлчөмүндө айлык акы алышат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, учурда кошумча акыларды которуу иштери башталды. Эгерде медкызматкерлерге каралган кошумча акылар төлөнбөгөнү аныкталса, ал мекеменин жетекчисинин иши каралат.
Мындан сырткары кепилденген маяна министрлик тарабынан толук төлөнүп берилүүдө.
Март-май айларынын аралыгында медицина кызматкерлерине 259 млн 100 миң сом компенсация төлөндү.
Илгиз
03.07.2020 16:23
Саламатсыздарбы? Карата деген сөз катара болуп калыптыр, оңдоп койсоңор