Бир сутка ичинде өлкө боюнча 73 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
• Бишкек шаарында– 32;
• Чүй облусунда – 20;
• Ош шаарында – 7;
• Ош облусунда – 7;
• Жалал-Абад облусунда – 3;
• Баткен облусунда – 3;
• Ысык-Көл облусунда – 1 медкызматкер илдет жуктурду.
Ал эми бир суткада 20 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 994 учур катталды, алардын ичинен 484 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.