Биз менен байланышыңыз

Медкызматкерлеге аймактан келген жүздөй ыктыярчы-дарыгер көмөктөшөт

Кыска кабар | 2 Июл 2020 | 415 | 0

Аймактардан келген 100гө жакын ыктыярчы-дарыгерлер шаардык медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүшөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өткөргөн Республикалык ыкчам штабдын жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, бүгүн кечинде Бишкек шаарына Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан медицина кызматкерлери келишет.

3-июлда Баткен жана Жалал-Абад облустарынан медкызматкерлердин келиши күтүлүүдө. Алардын баары медицина кызматкерлери жетишпеген ооруканаларга бөлүштүрүлөт. Бир бөлүгү 118 кеңеш берүү кызматынын ишине тартылат.

Келген ар бир кызматкер кайда жөнөтүлөрүнө карабастан, эмгек акы жана кошумча төлөм алат. Алардын жашай турган жери даяр. Эртең алар ишке киришет.

Бороновдун айтымында, кечинде дагы 700дөн ашуун орун даяр болот. Айрым окуу жайлардын жатаканалары убактылуу ооруканага айландырылууда. Уюштуруу иштери менен биргеликте медицина кызматкерлерин бөлүштүрүү жүрүүдө.

«Бул жатаканаларда мурдагы авиабаза Гансидегидей шарт жок экени түшүнүктүү. Бирок учурда эң башкысы — бейтаптарды жаткыруу жана дарылоону баштоо болуп саналат. Жашоочулар адамдар орундуктарда же унааларда жаткан видеолорду жайылтып жатышат. Буга жол бербөө керек. Ошондуктан күн сайын аз дегенде 500дөн керебет-орун даярдоо зарыл», — деди премьер-министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM