Биз менен байланышыңыз

Казак дин аалымы Абдугаппар Сманов көз жумду

Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 1182 | 0

Бүгүн, 1-июлда Казакстандык дин аалымы Абдугаппар ажы Сманов 50 жашында каза тапты. Бул тууралуу анын кесиптештери тастыкташты.

Маркум бүгүн, 1-июлда кечки саат 19:00дө Сарыагаш районунда жерге берилет.

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов да расмий баракчасына аалымдын дүйнө салганы боюнча билдирүү жазды.

-Орто Азияга таанымал үлкөн аалым Абдугаппар ажы Смановдун өтүп кеткендигин кайгыруу менен кабыл алдым. Кудай Жолунда кылган эмгектерин Кудайым Өзү кабыл кылсын! Абдугаппар бир тууганыбыз чындыгында аалымдардын арстаны эле… Акыйкатты айтканда тайманбай айткан, чындык үчүн өзүнүн башын туу сайгандай сайган баатыр аалым эле… Аалымдардын баатыры, баатырлардын аалымы деп айтсак ушул адамга туура келет. Ал киши менен далай үзөңгүлөш болдук. Ал кишинин кыргыз калкына болгон жакшылыгын, урмат-сыйын өзгөчө баамдадык. Бүгун эки эл: кыргыз эли жана казак эли бирдей кайгыга батып олтурат. Эки элдин тең уулу Абдугаппар Сманов жаткан жериңиз Бейиштен болсун!» — деп жазды Чубак ажы Жалилов.

Казакстандын жергиликтүү маалымат каражаттары азырынча Абдугаппар ажы Смановдун эмнеден улам каза болгонун жаза элек.

Эске салсак, Абдугаппар Сманов 1970-жылы февралда Түркстан облусунун Сарыагаш районунда туулган.

«Марал» радиосунун эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM