Биз менен байланышыңыз

Менчик ооруканалар коронавирус менен күрөшүүгө качан тартылат?

Ден соолук | 1 Июл 2020 | 1405 | 0

Бүгүн, 1-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын рекорддук саны (439) катталып, жалпы республика боюнча вирус жуктургандардын саны 5 миң 735 адамга жети. Акыркы он күн аралыгында коронавирус жуктургандар кескин көбөйүп, оору жугузуп алгандар ооруканаларга толуп, кайсы ооруканага кайрылуусун билбей жаткандыгын социалдык тармактардан билдиришүүдө. Жалпы эле өлкөдө, өзгөчө борбор калаадагы эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда.

Буга байланыштуу Бишкекте жеке лабораторияларды, жеке тез жардам кызматтарын жана ооруканаларды мобилизациялоону тездетүү зарыл экендигин премьер-министр Кубатбек Боронов 27-июнда билдирген.

Ал ошондой эле Саламаттык сактоо министрине ооруканаларда кошумча орундарды даярдоо жана бошотууну, бул ишке жеке клиникаларды тартууну тапшырган болчу.

Анын биринчи кадамы катары бүгүн дагы эки жеке менчик лабораторияга коронавирус инфекциясын аныктоочу анализди тапшыруу үчүн уруксат берилди. Алар Aqualab жана  Экспресс ПЛЮС лабораториялары. Бул эки мекемеге анализ тапшыруу Бонецкий ооруканасына салыштырмалуу баасы төмөнүрөөк болмокчу. Аталган лабораторияларга байланышканыбызда, бирөөсү ал боюнча маалыматтары жок экендигин, экинчиси коронавируска карата тест алууга даярданып гана жатканын, бирок саламаттыкты сактоо министрлигинен уруксат кагаздары келе экендигин билдирди.

Бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев ооруканалардагы керебет жетишсиздигинен сырткары, 220 даана жасалма дем алдыруучу аппарат, кошумча 2003 даана кычкылтек концентратору, тез жардам унаалары жана кадр жетишсиздиги бар экендигин айтты.

Жеке менчик ооруканалар азыркы кырдаалда мамлекетке кандай жардам бере алат?

Саламаттыкты сактоо министрлиги жеке ооруканаларга уруксат берсе, эки түрдүү жардам бере ала тургандыгын кардиолог Дамирбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, жеке менчик ооруканалардын жасаган иштери айтылбаса деле, мамлекеттин жүгүн көтөрүп жардам берип келе жатат.

Биринчиден, учурда пневмония менен ооруган жарандар көбөйдү. Аларды жеке ооруканаларга жаткызып дарыласа болот, экинчиден, жеке менчик клиникалардын кээ бирлери бир багытка эле багытталып, ошол багыттагы бейтаптарды жаткызып, оорулуулардын азайышына жардам берет, — деди Осмонов.

Осмонов билдиргендей, учурда пневмония болуп, коронавирус аныкталбаган жарандар көбүрөөк болуп жатат. Учурдагы пневмонияларды тест тапшырса да, тапшырбаса да коронавирус катары кабыл алса туура болот. Анткени башкаларга жайбоо, изоляция кылуу, токтотуп калуу максатында.

Жеке менчик лабороторияларга коронавирус инфекциясын аныктоочу экспресс-тесттер менен иштөөгө уруксат берилиши керектигин 28-мартта эле Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев сунуштаган болчу. Андан кийин жеке менчик Бонецкий лабораториясы 23-апрелде демөөрчүлөр, Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге COVID-19 илдетин аныктоочу жапырт анализдерди жүргүзүү тутумун ишке киргизе баштаганын маалымдады. Алгачкы баскычта тесттер социалдык негизде алынып, кийин каалаган жеке жарандар үчүн да 2300 сомдон тапшырууга мүмкүн болгон.

Copyright © 2017 Maral FM