Биз менен байланышыңыз

УКМК: Атамбаев коронавирустун белгилери бар жактоочусу менен жолугушкан

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 429 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирүү таратып, мурунку президент Алмазбек Атамбаев коронавирус жуктуруп алган адвокаты менен байланышта болгонун айтты.

УКМК Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн айткандарын четке кагып, кызматкерлер өз милдеттерин так аткарып жатканын белгилейт.

«Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн, УКМК тергөө камак жайынын кызматкерлери кызмат абалдарын туура эмес аткарганына байланыштуу вирустук инфекция жукту делген билдирүүсү чындыка дал келбейт. Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн бул кайрылуусу менен аны саясий туткун катары көрсөтүп, кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында, атайылап коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруп, кылмыш ишин саясий өңүткө бурууга аракет кылып жатышат деп эсептейбиз. Ага «Эргеферон» дарысы эмес, вируска каршы антибиотик берилген. Ошондой эле көкүрөк органдарына томография дайындалган».

Мекеменин маалыматында, Атамбаев акыркы аптада башка жактоочулары, үй-бүлөсү менен катар эле жактоочу Замир Жоошев менен жолугушкан. Замир Жоошевдин апасы коронавирус менен катталып, дарыланып жаткандыктан ал шектүү болуп эсептелет.

УКМК Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн билдирүүсүн коомчулуктун оюн адаштыруу катары баалайт.

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев ооруканага жаткырылганы 30-июнда кабарланды. Ал Президенттин алдындагы атайын ооруканага жаткырылды.

Жактоочу Сергей Слесарев Атамбаев менен жолугушуусуна уруксат берилген эместигин, ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан кайтарылып жатканын айткан.

29-июнда Атамбаев саламаттыгы начарлаганын айткан, андан коронавируска карата ПЦР-анализ алынган. Анын жыйынтыгы таза чыккан. Бирок ошол эле күнү ага дарыгерлер консилиум жасап, Атамбаевге “эки тараптуу өпкөнүн сезгенүүсү” деген диагноз коюлган. Буга байланыштуу Атамбаев стационардык дарылануудан өтүү үчүн ооруканага жаткырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM